KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жогорку окуу жайдын студенттери укуктук деңгээлин Талас облустук административдик сотунда жогоруулатууда

04 июля 2025

Талас облустук административдик сотунда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык жана юридикалык факультетинин                                1-курсунун студенттердин укуктук аң-сезимин жана сабаттуулугун жогорулатуу максатында «Ачык эшик күнү» өткөрүлдү.


​          Студенттерди Талас облустук административдик сотунун судьясы Сулайман Эргешов тосуп алып,   сот тутуму жөнүндө кеңири маалымат берип, административдик иштери боюнча иштерди кароонун жалпы жоболору, автоматташтырылган маалымат системасынын (АИС) иштеши тууралуу, ошондой эле талаш-тартыш иштеринин категорияларынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.


Андан соң, аталган соттун судьясы Сулайман Эргешов студенттер менен суроо-жооп иретинде маектешип, аларга кызыктырган жоопторду алышып, сот кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу маалымат берди.


Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер уюштурулган ачык эшиктер күнү үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууну сунушташты.