KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жогорку окуу жайдын студенттери Талас облустук сотунда болушту

04 февраля 2026

Талас облустук сотунда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык жана юридикалык факультетинин бүтүрүүчү студенттерине укуктук аң-сезимин жана сабаттуулугун жогорулатуу максатында «Ачык эшик күнү» өткөрүлдү.


Студенттерди аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жана  төраганын орун басары Манасбек Дарманкулов тосуп алышып, жаш юристтерге сот тутумунун ишмердүүлүгү, судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу тууралуу жана  сот кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу кеңири маалымат беришти.


Андан тышкары студенттерге соттун имараты менен тааныштырып, экскурсия өткөрүп,  орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби туурасында да маалымат бере кетишти.


Андан соң, студенттер болуп жаткан соттук процесске көрүүчү катары  катышышып, келечекте сот, прокурор, адвокат болууну кыялданышып өз кызыгууларын жаратышты.


Жолугушуунун соңунда соттун төрагасы болочоктогу  “Юрист” кесибинин ээлерине насаат сөзүн айтып, билим алууда, укуктук билим денгээлин жогорулатууда ийгиликтерди каалап, келечекте сот тутумунда кызмат өтөөсүнө тилектеш экенин билдирди.