Талас облусунун аймагындагы калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ишембиликтер башталды.
Талас облустук сотунун эмгек жамааты соттун имаратынын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү, айлана тегерегин тазалоо иштерин жана Талас шаарынын аймагында бөлүнүп берилген жер тилкесин таштандылардан тазалап, тал-теректерди актоо иш-чараларын аткарышты.
Мындан тышкары, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук жана Административдик соттордун эмгек жамааттары соттун айлана тегерегин тазалоо, жашылдандыруу максатында көчөттөрдү отургузуу, куурап калган тал-теректердин бутактарын кыркуу жана мурда отургузулган бак-дарактарды актоо жумушчу ишембиликтерин өткөрүштү.




