Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Талас облусунун жергиликтүү уюм- мекемелери жана ишканалар, анын ичинде Талас облустук жана Талас шаардык сотунун эмгек жамааттары аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облустук сотунун кызматкерлери соттун имараты жана имараттын айлана тегерегинде топтолгон таштандылардан тазаланып, өскөн чөптөр чабылып, имараттын тышкы көрүнүшүн ирээтке келтирип, тазалоо иш-чара ишембилигин өткөрдүү.
Ошондой эле Талас шаардык сотунун эмгек жамааты тарабынан да соттун айлана тегерегин тазалоо, жашылдандыруу бак-дарактарды актоо, андан тышкары Талас шаарынын аймагындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү жолдун жээгинен бөлүнүп берилген жер тилкесинде тазалоо жумуштары аткарылып, анын ичинен пластик, айнек жана башка таштандылар өз өзүнчө бөлүнүп, каптарга салынып таштанды таштоочу жайларга чыгарылды.
Аталган иш чарага соттордун эмгек жамааттары активдүү катышышып, мындан ары да ишембиликтерди өтүп тураары белгиленди.