KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуу, кышмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу

04 июля 2025

Мектеп окуучуларынын юриспруденция багытында билим дэнгеелин жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштуулуктуу алдын алуу максатында Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Абдимиталип Абылакимов менен Эльярбек Абдимиталипов Талас шаарындагы №5 жалпы билим берүү орто мектебинин 9-10-11 класстардын окуучуларына лекция өткөрүштү.


Лекцияда судьялар сот тутумунда болуп жаткан соттук-укуктук реформалар жөнүндө, сот өндүрүшүндө колдонулууга кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, өзгөчө жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуучулуктары жана анын кесепеттери жөнүндө кеңири талкулоо жүргүзүштү. Өзгөчө мааниге ээ болгон “Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери”, “Мектеп окучуулары арасында рэкет”, андан тышкары “Никеге туруу максатында ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо”, Үй-бүлө мамилелеринин салттарын жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштары жөнүндө темасына көңүл бурулуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн беренелери боюнча кышмыш жоопкерчилигине тартылары тууралуу айта кетишти.


Ал эми, окуучулар судьяларга кызыгуу жараткан суроолорун узатышты жана аларга толук жоопторун алышып, ошондой эле соттун ишмердиги жөнүндө практика жүзүндө тааныштырууну суранышты жана бул сураныч судьялар тарабынан канааттандырыларын билдирди.


Жолугушуунун аягында, Талас облустук сотунун судьялары мектеп окуучуларына билим алууда ийгиликтерди каалап жана мындай жолугушууларды уюштуруп турууга макулдашылды.