Соттордун ишин QR код аркылуу баалоо
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин тапшырмасы менен региондордогу баардык соттордун имараттарына QR код стенди жайгаштырылып, сотко келген жарандарга колдонууда кызмат көрсөтүп жатат.
QR кодду колдонуу өтө жөнөкөй, жаран өзүнүн уюлдук телефонун колдонуп, сканерлөө жолу менен ишке ашырат. Баалоо эки тилде (кыргыз жана расмий тилдеринде) жүргүзүлүп, 17 суроону камтыйт. Жарандын аты-жөнү жазылбай анонимдүү түрдө өтөт.
QR код аркылуу жарандар сот имаратынын тейлөө шарттары, тазалыгы, соттук процесстин жүрүшү, судьянын соттук процессти жеткиликтүү алып баруусу, сот отурумун уюштурган кызматкерлердин тараптарга жасаган мамилеси сыяктуу пикирлерин киргизиши мүмкүн. Ошондой эле соттун ишин жакшыртуу үчүн сунуш-пикир жазып калтырса дагы болот.
Бүгүнкү күндө QR код тактачалары (стенддери) Талас облусундагы бардык жергиликтүү сотторунун имараттарында орнотулган, андыктан сотко келген жарандар сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча өздөрүнүн бааларын, ой-пикирлерин калтырып кетишсе болот.
«InfoDocs» (Инфодокс)
«InfoDocs» (Инфодокс) — Электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү- мамлекеттик органдарда жана анын ичинде сот тутумундагы документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө жана чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга багытталган.
Автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС)
Автоматташтырылган маалыматтык «Сот» системасы, бул иштерди бөлүштүрүү тартибин автоматташтырууга, судьялар курамын түзүүгө, сот өндүрүшүн жүргүзүүгө, сот отурумдарына даярдоо процессине, сот отурумдарын дайындоого, документтерди түзүүгө жана тариздөөгө, сот иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө багытталган, сот системасынын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылган система;
Бул заманбап технологиянын артыкчылыгы сот кызматкерлеринин жарандарга болгон мамилесин көзөмөлдөөгө жана терс көрүнүштөрдү убагында жетекчиге жеткирүүгө жол ачат.
Жарандардын пикирлери сот тутумунун сапатын жакшыртууда маанилүү роль ойнойт жана бул инновациялык система сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшөт.
Ошондой эле бул системасынын колдонулушу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталып, жарандар менен иштешүүдө документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
Мындан тышкары, коомчулук менен сот системасынын ортосундагы ишенимдин бекемделишине салым кошот.




