“Урматтуу юристтер,
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын юристинин күнү менен куттуктайм.
Юрист кесиби коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөсүнө тиешеси бар болгондуктан, ар дайым эң ардактуу, маанилүү жана жооптуу кесип катары эсептелип келет.
Юрист болуу – чоң сыймык, ошону менен бирге зор жоопкерчилик. Сиздердин кесипке карата өзгөчө моралдык, этикалык жана укуктук жоопкерчилик жүктөлгөн. Кыргызстанда демократиялык институттардын жана укуктук мамлекеттин калыптанышы жана чыңдалышы, экономиканын, социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерге байланыштуу.
Бүгүн да сиздер өлкөбүздө мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө жана укуктук системанын бекемдөөгө салым кошууну улантып, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоп, калктын укуктук сабатын жана укуктук маданиятын жогорулатууга көмөктөшүп жатасыздар.
Мыйзамдардын так аткарылышы, ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, мамлекеттик реформалардын ийгиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө көз каранды.
Мен сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшаган ар күнкү талыкпаган эмгегиңиздер биздин мамлекеттин жана коомдун туруктуу гүлдөп-өсүүсүн жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоонун өбөлгөсү болоруна ишенем.
Бул майрам күнү сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чын ден соолук, тынчтык, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!»
Терең урматтоо менен, Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев