Онлайн-трансляция Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов төрагалык кылган кылмыш иштердин бирин кароо учурунда жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында сот тутумун санариптик трансформациялоонун кеңири программасы ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Сот жыйындарын онлайн-трансляциялоо улуттук мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасы гана болбостон, сот тутумун санариптештирүү процессинин да маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул жаңычылдыктардын негизги максаты — заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана коррупциялык тобокелдиктерге туруктуу сот адилеттиги системасын калыптандыруу болуп эсептелет.
Ошону менен бирге ишти кароонун ар бир этабы — материалдарды каттоодон тартып акыркы соттук акт кабыл алынганга чейинки процесс — сот өндүрүшүнүн катышуучулары жана жалпы коомчулук үчүн да мүмкүн болушунча ачык-айкын, түшүнүктүү жана көзөмөлгө алынуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Түз эфир «Жогорку сот» YouTube каналында көрсөтүлдү.




