Талас облустук сотунда, аталган соттун төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, прокуратура органдарынан, Талас облустук юстиция башкармалыгынан, Талас шаардык Мэриясынын өкүлдөрү жана адвокаттардын катышуусунда мыйзамсыз өтүп кеткен мамлекеттик жана муниципалдык жерлер менен социалдык обьектилерди мамлекетке кайтарууда, сотторго келип түшкөн иштерди кароодо пайда болгон көйгөйлөрдү талкулоо боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов ачып, анда жер маселелери, жер мунапысы жөнүндөгү мыйзамдар жана менчике өтүп кеткен социалдык обьектилер тууралуу айтып өттү.
Андан соң төраганын орун басары Абдимиталип Абылакимов өз сөзүндө Мыйзамсыз менчиктештирүү – жер тилкеси мыйзам талаптары сакталбай жеке менчикке өткөрүлгөн учурлар тууралуу, Мамлекеттик же муниципалдык жерлердин мыйзамсыз берилиши – коомдук пайдалануудагы жана жайыт жерлер жеке адамдарга менчике өткөрүлүп кеткен учурлар жана Соттук талаштар – бир жер тилкесине бир нече адам укук талап кылган жагдайлар тууралуу белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө бир нече менчике өтүп кеткен жер жана социалдык объектилер тууралуу маселелер көтөрүлүп, Кыргызстанда акыркы жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча талаштарды кароо жагы талкууга алынды. Анда,
- Мыйзамсыз берилген жер тилкелери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуу аныкталса, алар соттун чечими же ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылат.
- Социалдык объектилер (мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорттук курулмалар, сейил бактар жана башка коомдук пайдалануудагы объектилер) мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен болсо, алардын мамлекеттик же муниципалдык менчикке кайтарылышы боюнча иштер жүргүзүлөт.
- Мамлекетке кайтарылган жерлер жана объектилер кайрадан коомдук муктаждыктарга пайдаланууга же тиешелүү мамлекеттик мекемелердин карамагына өткөрүлөт.
Ал эми прокуратура органынын өкүлдөрү Мамлекетке кайтаруунун негиздери тууралуу айтып, анда,
1.жер мыйзам талаптарын бузуу менен берилген болсо;
2.жасалма же жараксыз документтер колдонулган болсо;
3.коррупциялык схемалар аркылуу менчиктештирилгени аныкталса;
4.социалдык же мамлекеттик багыттагы объект мыйзамсыз менчикке өткөрүлгөн болсо мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, мамлекетке кайтаруу тууралуу сотко доо арыздар берилип келгендиги тууралуу айтып өтүштү.
Тегерек стол суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн сунуш-пикирлерди мындан аркы ишмердүүлүктө эске алуу боюнча макулдашылды.
Ошондой эле жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоо, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусун күчөтүү жана талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда сот, прокуратура, жергиликтүү бийлик органдары жана адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленип, мындай форматтагы жолугушуулар соттук практиканы өркүндөтүүгө жана мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууга өбөлгө түзөрү айтылды.




