KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судьяларына жыйын өткөрүлдү

11 мая 2026

Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов облустук жана жергиликтүү соттордун төрагалары менен судьяларына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 14-майындагы №01-16/839 сандуу маалымат каты боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 39-беренесинин 3-пунктуна ылайык, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктарынын алкагында соттук тажрыйбаны иликтөө жана жалпылоо тууралуу жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндө Соттук тажрыйбаны жалпылоонун негизги максаты бул- мыйзамдардын бирдиктүү жана туруктуу колдонулушуна өбөлгө түзүү, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, соттук тажрыйбадагы көйгөйлүү маселелерди жана укуктук жөнгө салууда жаралган боштуктарды аныктоо, аларды ар тараптуу талдоо, ошондой эле укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана соттук тажрыйбаны жалпылоосун талкуулап, мындан ары жыйындарды өткөрүп туруу зарылдыгын белгиледи.


Андан тышкары Талас облустук жана жергиликтүү сотторунун сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишмердиктери жана иштердин сапаттары талданып, иштерди кароодо келип чыккан маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү. Кеңешменин жүрүшүндө соттук практиканын бирдей колдонулушуна багытталган Талас облустук сотунун судьялары тарабынан Талас облусунун шаардык жана райондук сотторунун судьяларына практикалык-методикалык жардам көрсөтүүлөрү айтылды.


Жыйындын соңунда коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган иш алып барууну жана соттук практиканы жалпылаштыруу боюнча иш чаралар тийиштүү деңгээлде өткөрүлө тургандыгын белгилеп өттү.