Талас шаардык сотунда Талас мамлекеттик университетинин Гуманитардык-юридикалык колледжинин студенттерине ачык эшик күнү уюштурулду.
Аталган окуу жайдын директорунун орун басары Джазгуль Чалабаева менен окутуучу мугалими Зарина Турдалиева студенттери менен биргеликте Соттун төрагасы Алмаз Джанболотов, судьясы Чинара Мамбетова тосуп алышып, студенттерге экскурсия өткөрүп, соттун имараты менен тааныштырып, орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби туурасында кенен маалымат беришти.
Андан тышкары студенттерге судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле кеп-кеңештерин берип кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Жолугушуунун соңунда судьялар студенттерге окууларына ийгиликтерди каалап, талыкпай изденип окуу керектигин эскертип, ушундай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлүп турарын жана жаш адистер үчүн Сот тутумунун эшиги дайым ачык экенин айтышты.
Аны менен биргеликте окуу жайдын мугалимдери судьяларга ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн чоң мотивация болоорун белгиледи.




