KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Манас райондук сотунда мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

29 мая 2026

2026-жылдын 26-майында Манас райондук сотунда, райондогу А.Жолодошбеков атындагы, Бала-Саруу, Баялыш уулу Рахман, Жийде, Жайылган, М.Рахманбердиев атындагы, С.Дүйшенбиев атындагы, “Улукман” жатак мектебинен, Б.Узенов жана Г.Малаев атындагы жалпы 10 орто мектептеринин окуучуларына, мугалимдердин коштоосунда  «Ачык эшик күнү» өткөрүлдү.


Окуучуларды аталган соттун судьясы Акжол Эргешов менен аппарат кызматкерлери тосуп алышып, келечектеги жаш юристтерге сот тутумунун ишмердүүлүгү, судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу тууралуу жана  сот кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу кеңири баяндама жасады.


Андан тышкары окуучуларга соттун имараты менен тааныштырып, экскурсия өткөрүп,  орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби туурасында да маалымат берип өттү.


Андан соң, аталган соттун бөлүм башчысы Айнура Ашырбекова келечекте сот, прокурор, адвокат болууну кыялданышып өз кызыгууларын жараткан окуучуларга ийгилик каалап, райондук соттогу штаттык бирдиктерди айттып өттү.


Жолугушуунун соңунда соттун судьясы болочоктогу  “Юрист” кесибинин ээлерине насаат сөзүн айтып, билим алууда, укуктук билим денгээлин жогорулатууда ийгиликтерди каалап, келечекте сот тутумунда кызмат өтөөсүнө тилектеш экенин билдирди.