KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Бакай-Ата райондук сотунда коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

15 июля 2026

Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Найзабек Абдыганиевдин жетекчилиги алдында соттун аппарат кызматкерлерине коррупциянын алдын алуу, кесиптик этикасын чыңдоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытында жыйын өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө аталган соттун төрагасы коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын, мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум этикасынын нормаларын, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана кызматтык милдеттерди ак ниет жана ачык-айкын аткаруунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берип өттү.


Ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, сот тутумундагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө маселелери талкууланды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.


Иш-чаранын жыйынтыгында коррупцияга каршы күрөшүү ар бир мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилиги экендиги белгиленип, мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык этиканы бекем кармануу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча сунуштар айтылды.


Белгилей кетсек, Талас облусунун жергиликтүү сотторунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.