Кымбаттуу кесиптештер!
Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Өлкөбүздүн тарыхында эч унутулгус окуялар бар. Ушундай окуялардын бири — Улуу Ата Мекендик согуштагы элибиздин каармандыгы жана улуу Жеңиши. Жалпы улуттук майрам болуп калган ушул күнү баарыбызды Улуу Жеңиш үчүн сыймыктануу сезими толкундантып турат.
Кыргызстандын эли согуш талааларында өмүрүн Жеңишке арнаган уулдары жана кыздары менен сыймыктанат. Оорукта күн-түн дебей, ысык-суукта өз жанын аябаган он миңдеген кыргызстандыктардын эмгеги Ата-Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп түбөлүк калат.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келишүүдө. Ал эми биздин ыйык милдетибиз – ардактуу ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү.
Урматтуу мекендештер! Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жанын аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн согуш ардагерлери алдында баш ийип, таазим кылабыз!
Сиздерди терең урматтоо менен Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов




