KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

“Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

27 февраля 2026

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылындагы Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Нурманбет Эшалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, төраганын орун басары Алтынбек Садыков, Айтматов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Бапанова, судьялары Эльмира Асанова, Индира Асилова жана соттун аппарат кызматкерлеринин катышуусунда, Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолунун принциптерин, баалуулуктарын жана жоболорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынган иш-пландын негизинде иш-чара болуп өттү.


Иш-чарада Жогорку сотунун судьясы Нурманбет Эшалиев, өз сөзүндө “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы мааниси бийик экендигин белгилеп, «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатына жарандар үчүн сот тутумундагы санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымдоо, сот тутумунун ачык айкындуулугун көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча кеңири түшүндүрмө берди.


Иш-чаранын жүрүшүндө Маданият үйүнүн кызматкери катышуучуларга, Ташбоо Жумагулов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишин башкарган жылдарда мамлекеттик тил саясатына жаңы дем берип, баркы көтөрүлүп, аны өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөнүн, ошондой эле Улуттук тилдин проблемаларын көтөрүү, жайылтуу максатында мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө, коомдук турмушубузда кеңири кулач жайысууна өзгөчө салым кошкондугу жана мамлекеттик тилдин мыйзамдык базасын чыңдоого активдүү  киришүү менен бир эле мезгилде, аны окуп-үйрөнүү үчүн шарт түзүп берүүгө чоң маани берип, иштиктүү аракеттерди жүргүзгөндүгү туурасында өз сөзүндө билдире кетти.


Маданият үйүнүн ичинде Ташбоо Жумагулов атындагы музей ачылып, анын бюсту коюлган.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан 2025-2028-жылдарга карата бекитилген иш-планга ылайык, Талас облустук жергиликтүү сот тутумунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.