Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Манас районунун Семетей айылынын эли менен Семетей маданият үйүндө жана Айтматов району Чолпонбай айылынын эли менен Чолпонбай маданият үйүндө элдик жолугушуу өткөрүлүп жатат
Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди көтөрүштү. Эрмат Джумаев айрым көйгөйлөрдү ошол жерде чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.




