Талас райондук сотунун иш планынын негизинде аталган соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков, судьясы Жоомарт Ганиев, Талас райондук прокуратура жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусун өткөрүштү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Укук бузуу боюнча кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу, үй-бүлөлүк зомбулук, укук бузуулар жана майда бейбашчылык боюнча материалды сотко өткөрүүдө документтердин толук камсыз кылуусун жана укук бузуу протоколдорун түзүүдө кемчиликтер жаралып жаткандыгы тууралуу талкуу жүргүзүштү.
Аталган соттун төрагасы өз сөзүндө соттун өндүрүшүнө келип түшкөн кылмыш иштерди тергегенде өздүгүн толук тактап, эгерде паспорттору жок жарандар болсо, паспорт алууга көмөктөшүп, кылмыш иштеринин ичинде өздүгүн тактоочу документтери болбосо кабыл албайбыз. Ошону менен бирге каралуучу кылмыш иштерди өз убагында кароого камсыз кылбагандыктан тосколдуктарды жаратып, иштер өз убагында кароого мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу баса белгилеп өттү.
Ал эми судья милиция кызматкерлерине протоколду туура толтурууга жана далилдерди чогултуунун толуктугуна өзгөчө маани берип, укук бузуучуну сотко өз убагында алып келүүгө жана алардын укуктарынын сакталышына көңүл бурууга чакырды.
Судьялар материалдарды сотко өткөрүү мөөнөтүн сактоо, укук бузуу боюнча протоколдордун мазмунунун тууралыгын көзөмөлдөөнү сунушун беришти.
Жолугушуунун соңунда судьялар менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн пикир алмашууларынан кийин бирдиктүү иш алып баруу үчүн мындай маалыматтык жолугушууларды өткөрүп туруу жагы макулдашылды.




