KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаарында заманбап «Сот Адилет үйүнүн» курулуш иштери башталды

31 июля 2026

Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Кубат Манапбаев, Талас облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте Талас шаарындагы заманбап «Сот Адилет үйүнүн» курулуш аянтына барышты.



Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында чоң жүк ташуучу автоунаалардын кирип-чыгуу жолдорун уюштуруу маселелери жеринде каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.



Жаңы «Сот Адилет үйү» төрт кабаттан туруп, жертөлө (цоколь) кабаты менен курулат. Имарат Талас шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсү №351 дарегинде жайгашкан 5 295,4 чарчы метр жер тилкесине салынат. Имараттын жалпы аянты 5 954,27 чарчы метрди түзөт.



Долбоор сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга, сот тутумунун кызматкерлерине жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



Белгилей кетсек, «Сот Адилет үйүнүн» курулушуна капсула салуу аземи үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленди.