Талас шаардык сотунун төрагасы, Талас мамлекеттик университетинин юридикалык колледжинин биринчи курсунун студенттерине барып, юридикалык билимин жогорулатуу үчүн сот тутумунун ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн окуу лекциясын өткөрдү.
Аталган соттун төрагасы Алмаз Жанболотов келечекте юрист кесибин тандаган студенттерге сот тутумунун түзүлүшү жөнүндө, шаардык сотто кандай категориядагы иштер каралышы, жазык сот өндүрүшү боюнча жана колдонулууга кирген жаңы кодекстер боюнча түшүндүрмөлөрдү кеңири айтып берди.
Мындан тышкары студенттер сот отурумунун жүрүшүнүн тартиби менен таанышып, соттун ишмердүүлүгү жөнүндө кызыгуусу жаралгандыктан, алар өндүрүштүк-таанышуу практикасын сот тутумунда өтүүнү каалап кетишти. Бул соттун жетекчилиги тарабынан кубаныч менен кабыл алынып, юридикалык кесипти тандаган студенттерге сот тутумунун эшиги ачык экендигин белгилеп өттү.
Жолугушуунун аягында, Талас шаардык сотунун төрагасы студенттерге окуу жайын ийгиликтүү аякташын каалап, укуктук сабаттуулук деңгээлин жогорку даражага көтөрүү максатында мындай жолугушууларды өткөрүп туруу жагы белгиленди.