Талас шаардык сотунун төрагасы Алмаз Джанболотов, судьялары Чинара Мамбетова менен Муктарбек Турсункулов, “Инфодокс” – электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматташтыруу жана документтерди электрондук форматка өткөрүүгө багытталган маалыматтык маалыматтык кеңешме өткөрүштү.
Жыйынга соттун аппарат кызматкерлери, Талас шаардык соттук аткаруучулар кызмат бөлүмү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар жана мекеме жетекчилердин өкүлдөрү катышышты.
Жыйынды аталган соттун төрагасы Алмаз Джанболотов ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2025-жылдагы 30-апрелиндеги №110 буйругу боюнча сот тутумундагы иш кагаздарын жүгүртүү 2025-жылдын 30-апрелинен баштап, “Инфодокс” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу толугу менен электрондук форматка өткөрүү (кирүүгө чектөө коюлган документтерден сырткары) боюнча жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат тутуму жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №235 сандуу токтомуна ылайык) кененирээк маалымат берди. Анын жардамы менен каттарды жана башка иш кагаздарды жөнөтүү жана жеткирүүдө талап кылынган убакыт кыскарып, аткаруу тартиби жакшырарын белгиледи.
Аталган соттун судьялары өздөрүүнүн пикирин айтышып, төраганын пикирине толугу менен кошулушуп, “Инфодокс” тутуму боюнча докуменеттери менен иштөөдө кыйла жеңилдиктерди берээрин айтып өтүштү.
Жыйынга катышкан башка мамлекеттин өкүлдөрү, судьялардын “Инфодокс” тутуму боюнча белгилеген пикирлерине толугу менен колдошуп, өз ойлорун билдире кетишти.
“Инфодокс” автоматташтырылган маалыматтык тутуму, электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү- мамлекеттик органдарда жана анын ичинде сот тутумундагы документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө жана чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга багытталган.
Ошондой эле бул системасынын колдонулушу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталып, жарандар менен иштешүүдө документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
Жыйындын соңунда аталган соттун судьялары менен катышкан баардык мамлекетик органдардын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, ыраазылыгын билдиришип, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.