KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаардык соту “Манас” угуу декадасынын алкагында иш-чара өткөрүштү

18 декабря 2025

Талас шаардык сотунун кызматкерлери Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалдык мектебиндеги көркөм музейинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик Уңгужолу жөнүндө”  Жарлыгын жайылтуу максатында иш чара болуп өттү


Иш-чаранын жүрүшүндө аталган сотунун төрагасы Алмаз Жанболотов ачып, Кыргызстандын тарыхы, Президенттин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун Жарлыгынын мааниси, улуттук баалуулуктардын орду жөнүндө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык чыгармалары тууралуу баяндама жасады.


Аталган иш-чарага Талас облусунун белгилүү манасчысы Уран Молдошев тарабынан “Манас” эпосунан үзүндүлөрү айтылса, 4-жаштагы жаш манасчы Барсбек Арыстанбеков Манас айтып катышуучуларга өзгөчө кызыгуусун жаратты.


Андан тышкары белгилүү комузчу, обончу, ырчы Шекербек Шеркуловдун небереси Намазбек Шеркулов комузунун коштоосунда күүлөр жаңырды.


Ошондой эле соттун кызматкерлери алп жазуучу Чынгыз Айтматовго  таандык чыгармаларынан көркөм окушту.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген                   иш-планга ылайык, Талас облустук жергиликтүү сот тутумунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.