KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас шаардык балдар музыкалдык мектебинде “Манас” угуу декадасынын алкагында маданий иш-чарасы өттү

14 декабря 2025

“Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын жайылтуу максатында, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбековдун демилгеси жана Талас шаардык Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жайгашкан көркөм сүрөт музейинин директору Акмат кызы Махабат менен биргеликте, мекеме уюмдардын катышуусунда “Манас эпосунун жана залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган сүрөт көргөзмө, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундарга руханий мурастарыбызды жеткирүү максатында уюштурулган “Манас” угуу декадасынын алкагында маданий иш-чарасы өткөрүлдү.


Иш-чараны Талас шаарынын вице мэри Айбек Көчөрбаев ачып, “Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн тарыхый жана руханий маанисине токтолуп, анын биримдикке, адилеттүүлүккө жана ыймандуулука үндөгөн баалуулуктарын кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Андан тышкары Манас ордо комплексинин директору Камил Мамадалиев “Уңгу жолу” деген түшүнүк — элдин тилин, тарыхын, салт-санаасын сактап калуу гана эмес, мекенди сүйгөн, улуттук баалуулуктарды сыйлоо жана руханий мурасты даңазалоо, гумандуулук, акыйкаттык жана адилеттүүлүк сапаттарын жогорулатуу, жоопкерчиликтүү жаштарды тарбиялоо жөнүндө акыл-насааттарды айтып өтүп, ошондой эле салтты унутпай, замандын талабына жараша тең салмактуулукту алып кетүүсү зарыл экендигин айтып өттү.


Иш-чарага Талас облустук сотунун аппарат кызматкерлери да катышып, аталган соттун бөлүм башчысы Турдайым Бекембаевага сөз берилип, өз сөзүндө  “Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн тарыхый жана руханий маанисине токтолуп, андан тышкары залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу баяндап, «кыргыз тилин өнүктүрүү саясаты менен кыргыз элин дүйнөлүк коомчулукка тааныткан залкар жазуучубуздун чыгармачылыгын ажыратып кароого болбой тургандыгын» баса белгиледи.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө Таластан чыккан белгилуу манасчылар катышып, Манас эпосунан үзүндүүлөр айтылып жана комуз күүлөрү жаңырды.