Талас райондук сотунун демилгеси менен «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чара Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан Маданият үйүндө жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Аталган иш-чараны Талас райондук сотунун төрагасы Бакытбек Жаназаков ачып, Кыргызстандын тарыхы, Президенттин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун Жарлыгынын мааниси, улуттук баалуулуктардын орду жөнүндө баяндама жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Касымкул Нанаев” атындагы Талас районунун жалпы билим берүүчү Арал орто мектебинин тарых мугалими Чокойбек Сулайманов «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын соңунда Маданият кызматкери ырчы Таалайбек Шакетаевдин комуздун коштоосунда ырлары жаңырды.
Эске салсак, Талас облусундагы жергиликтүү сот тутуму «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашырууга багытталган кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, жалпы улуттук баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого арналган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө.




