KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас райондук соту прокуратура, аксакалдар соттору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштерин жакшыртуу аракеттерин күчөтүүдө

14 апреля 2025

Талас райондук сотунун демилгеси менен соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков жана судья Жоомарт Ганиев тарабынан прокуратура, аксакалдар соту жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында маалыматтык жыйын өткөрүлдү.


Жыйында, соттун төрагасы жана судья аксакалдар сотторуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты соттун ишмердүүлүгү жөнүндө, анын ичинде соттук отурумда жаралган көйгөйлүү маселелерди тийиштүү түрдө көзөмөлгө алууну сунуштап өттү.


Райондо жайгашкан ар бир айылдын аксакалдар сотторунун төрагалары өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жарандар менен сотко чейинки жаралган маселелери боюнча жергиликтүү айыл өкмөттүн имаратынан атайын бөлүнүп берилген иш бөлмөсүндө тыгыз иш алып барып жаткандыгын билдиришип, андан тышкары айыл өкмөтү тарабынан керектүү жабдуулары жана канцелярдык буюмдары менен толук камсыздалгандыгы тууралуу айта кетишти.


Андан тышкары айыл өкмөт башчылары, прокуратура жана аксакалдар соттору ошондой эле жарандар менен бирдиктүү иш алып барып жаткандыгын да айтып өтүштү.


Жыйындын соңунда прокуратура, аксакалдар соттору жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.