«Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүүдө натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 сандуу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Талас облусунун аймагындагы калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Талас облустук сотунун жана Талас облусунун Администратикдик сотунун эмгек жамааттары соттун имаратынын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү боюнча айлана тегерегин тазалоо жана ошондой эле Талас шаарынын батыш тарабында Талас-Тараз жолунун боюндагы бекитилген жер тилкесин таштандылардан тазалап, тал-теректерди, электр жана байланыш мамыларын жаңыртып актап сырдоо иш-чара ишембилигин өткөрүштү.