Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жергиликтүү соттордун төрагалары жана бөлүм башчыларынын катышуусунда сот тутумун санариптештирүү алкагында процесске катышуучуларды автоматташтырылган түрдө кабарлоо функциясын ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы функциянын негизги максаты – сот процесстерине катышкан тараптарды өз убагында так маалымат менен камсыз кылуу экенин белгиледи. Бул система аркылуу чакыруулар, билдирмелер жана башка маанилүү маалыматтар автоматтык түрдө жөнөтүлүп, убаракерчиликти азайтуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ошондой эле, аталган функция сот иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, убакытты үнөмдөөгө жана жарандардын сотко болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Жыйындын соңунда жергиликтүү соттордун төрагаларына жана бөлүм башчыларына жаңы функцияны өз убагында өздөштүрүү, кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана системаны колдонууда келип чыккан маселелерди ыкчам түрдө билдирүү тапшырмалары берилип, бул багыттагы иштерди сапаттуу аткарууну камсыз кылууну белгиледи. Андан соң сот системасында судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана этикалык жүрүм-турум нормаларын так жана кынтыксыз сактоону ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда милдеттүү шарты болоорун милдеттендирилди.




