KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өттү

18 мая 2026

2026-жылдын 16-майында Манас райондук соту тарабынан Талас облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогуна арналган кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.


Турнирдин ачылышында Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов катышуучуларды куттуктап, спорт адамдын ден соолугуна оң таасирин тийгизип, эмгек жамааттагы ынтымактыкты жана биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.


Иш-чарага Талас облусундагы жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот приставдар курама командалары катышып, катышуучулар мыкты деңгээлде командалык рух жана чеберчилик менен жигердүү оюн көрсөтө алышты. Калыстар тобу тартышкан беттештерди адилеттүү баалап, мыкты делген командаларды жана оюнчуларды тандап алышты.


Жалпысынан бул мелдешке 6 команда катышып, мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командага Талас облустук сотунун төрагасынын кубогу тапшырылды. Мыкты оюн көрсөткөн жеңүүчүлөр кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты жана ошондой эле ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болушту.


Мелдештин жыйынтыгы:


I орун —   Айтматов райондук соту


II орун —  Административдик  соту


III орун — Талас райондук соту


Ар түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрү:


* Мыкты коргоочу:    Аман Жуманов


* Мыкты дарбазачы:  Нуржан Исмаилов


* Мыкты оюнчу:        Аскат Алтымышов


Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өз ара достук жана ынтымакта атаандашып, жалпы жамааттын бирдиктүү экенин дагы бир жолу айгинелешти.


Ал эми, кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Айтматов райондук сотуна өткөрүлүп берилди.


Бул иш чаранын башкы максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык ошондой эле спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы кызматкерлеринин арасында достук жана спорттук алаканы бекемдөө болуп саналат.