Эльярбек Абдимиталипов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Кубат Манапбаев менен биргеликте Талас облусунун жергиликтүү сотторуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин сот системасынын натыйжалуу иштөөсү боюнча тапшырмаларынын негизинде, орун алган кемчиликтерди жоюу максатында Манас жана Айтматов райондук сотторуна барды.
Иш сапардын алкагында соттордун имараттарынын шарттары, соттун аппарат кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, сот отуруму өтүүчү залдардын жана архивдердин абалы менен жеринен таанышып чыкты.
Мындан тышкары АИС жана АВФ программасынын иштөөсү, сот имараттарына орнотулган соттордун иштерин баалоо боюнча QR тактайчаларынын иштеп жаткандыгы боюнча сурады.
Аталган райондук соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жалпы жыйын өткөрүп, орун алган көйгөйлөрүн укту.
Айрыкча аппарат кызматкерлерине коррупциялык иш-аракеттерге аралашпай кынтыксыз иш алып барууга, соттук актынын сапатын жакшыртууда судьянын жардамчысынын ролу чоң экендигин белгилеп, жаңы мыйзамдарды окуп, изденип турууга чакырды. Ошондой эле, иш менен кайрылган тараптарга сылык мамиле жасап, өзгөчө ички тартипти жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарын бекем сактап, жумушка кечикпей өз убактысында келүүнү талап кылды.
Айрым иш бөлмөлөргө мебелдердин жетишсиздиги, ремонт иштери, аппараттагы иш жүктөмдөрүнүн көптүгүнөн штаттык бирдикти көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды.




