Талас облустук сотунун имаратынын алдындагы аймакты көрктөндүрүү жана оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады.
Соттун тегерегиндеги жолду оңдоо жумуштары «Алтын Альянс» компаниясынын демөөрчүлүгү жана каржылык колдоосу менен ишке ашты. Буга чейин аталган аймактын жолу эскирип, мекемеге келген жарандарга жана кызматкерлерге бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында эски асфальт катмары алынып, жер кыртышы тегизделгенден кийин, жаңы сапаттуу асфальт төшөлдү. Бул демилге сот имаратынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу менен бирге, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түздү.
Талас облустук сотунун төрагасы жана жааматы аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн «Алтын Альянс» ишканасына терең ыраазычылык билдирет.




