KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунун судьялары медиация өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

19 ноября 2025

Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жана судьялары менен Кыргыз Республикасынын «Улуттук медиация» борборунун Таластагы филиалынын директору Карагул Осмоналиев жана Гульмира Өмурбаева   менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын «Улуттук медиация» борборунун Таластагы филиалынын директору Карагул Осмоналиев өзүнүн башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, аталган филиалга жаңы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалып келген Гульмира Өмурбаева менен тааныштырды.


Соттун төрагасы жана судьялар куттуктоо сөздөрүн айтышып, медиациянын орду маанилүү экендигин жана жалпы юрисдикциядагы сотко жеткирбей үй-бүлөлүк чыр-чатактарды, келтирген зыянды өндүрүп берүүдө чоң жардамын берерин белгиледи.


Жолугушуунун соңунда Талас облустук сотунун төрагасы жана судьялары менен аталган аймактардагы медиация өкүлдөрү менен 2026-жылы бирге маселелерди чечүүдө жолугушуу өткөрүү жагы  макулдашылды.