KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жыйын өткөрүлдү.

17 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, адилет сот өндүрүшүн камсыздоо жана элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу боюнча бир катар маанилүү маселелерди белгилеп кеткенден кийин, Талас облустук сотунун


төрагасы Алмазбек Абдылдаев райондук жана шаардык соттун кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткарууга, соттук иштердин кароо сапатын жогорулатууга жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигинин жүзөгө ашыруунун сапаты, эмгек тартибинин сакталышы жана мамлекеттик кызматкердин этикасы боюнча маселелер талкууланды.


Жыйындын соңунда жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө чакырды.