Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов облустук сотунун судьялары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана соттун айдоочулары менен биргеликте жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларына жана айдоочуларына кызматтык автоунааларга күйүүчү-майлоочу материалдарды куюуда милдеттүү түрдө КММ (күйүүчү май картасы) колдонуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №240 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын сактоону. Ошондой эле белгиленген күйүүчү майдын лимитинин чегинде колдонууга чакырды. Андан тышкары жергиликтүү соттордун төрагаларына дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуштан тышкары убакта нөөмөттүк автотранспортун колдонууга, үй бүлө мүчөлөрүн тейлөөгө тыюу салынарын, жумуш убактысы бүткөндөн кийин, саат 20-00дөн кечикпестен (жумуш боюнча чыгууларды кошпогондо) атайын бөлүнүп берилген кызматтык жерде же соттун короосунда токтотулууга тийиш экендиги тууралуу өз талабын койду.




