KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жаңы төрага дайындалды

24 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругунун негизинде Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалган Эльярбек Абдимиталипов жергиликтүү соттун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын  орун басары Нурлан Мусаев катышып, Эльярбек Абдимиталипов 5 жылдык мөөнөткө Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалгандыгын билдирип жана жыйындын катышуучуларына таныштырылды.


Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, Укук коргоо органдарынан Талас облусунун прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыктын, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчылары, Талас шаардык Мэриясынын өкүлү жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары дагы катышты.


Өз кезегинде Эльярбек Абдимиталипов  биргеликте алгылыктуу иш алып барууга бел байлап, сот адилеттигин орнотууга бардык күч аракетин жумшай тургандыгын белгилеп өттү.