KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык жана юридикалык факультетинин директору менен жолугушуу өткөрүштү

22 января 2026

Талас облустук сотунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын                                   12-августундагы №202 сандуу буйругунун жана Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча 2025-2028-жылдарга карата түзүлгөн иш планынын негизинде жергиликтүү жаштар, мугалимдер, жарандык коомдун өкүлдөрү менен укуктук сабаттуулук, сот бийлигинин коомдогу орду жана мааниси тууралуу студенттер жана мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүүнү пландоо жөнүндө Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык жана юридикалык факультетинин директору Айнура Усубалиева менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов сот тутуму тууралуу кеңири маалымат берип, анда болочоктогу юристтерге “Ачык эшик” күндөрүн өткөрүүнү  айтып өтсө, ал эми  төраганын орун басарлары менен судьясы жогоруда айтылган иш чараны колдошорун билдиришти.


Жолугушуунун соңунда, юридикалык факультетинин директору Айнура Усубалиева облустук соттун судьяларына,  студенттерге белгиленген “Ачык эшик” күнүн өткөрүүдө ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн абдан кызыктуу жана чоң мотивация болоорун ошондой эле мындай иш чараларды байма-бай өткөрүп турууну айта кетти.