KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда “Манас руху-улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынгагы өткөрүлдү

26 ноября 2025

Талас облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 10-ноябрдагы №308 сандуу буйругунун негизинде “Манас руху-улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагын өткөрүү жөнүндөгү убактылуу жобосунун негизинде  14 жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин балдарынын арасында жарыяланган сүрөт сынагы болуп өттү.


Сынактын максаты бул Манас эпосунун үчилтигиндеги (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) эл биримдиги, айкөлдүк, адилеттик жана мекенчил сыяктуу улуттук баалуулуктарды даңазалоо аркылуу жаш муундардын аң-сезимине улуттук демди жана наркты сиңирүү, алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана руханий тарбияны чыңдоого багытталган.


Сынактын темасы бул Манас эпосун үчилтигинин каармандарын, эпизоддорун же идеяларын чагылдырууга багытталган.


Аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жетекчилик кылган сынак комиссиясы, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктап, жыйынтыгында “мыкты” деп табылган сүрөт, Кырыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлүп, ал эми калган сүрөт сынактын башка катышуучуларына шыктандыруу сыйлыктар кошумча баалуу белектер тапшырыларын түзүлгөн комиссия билдирип,  сүрөт сынагы жыйынтыкталды.