KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда “Манас руху-улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагынын катышуучусу Жогорку соттун белегин алды

22 декабря 2025

Талас облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругунун негизинде “Манас руху-улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагын өткөрүү жөнүндөгү убактылуу жобосунун негизинде 14 жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин балдарынын арасында сүрөт сынагы жарыяланып, түзүлгөн сынак комиссиясы тарабынан, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктап, жыйынтыгында “мыкты” деп табылган сүрөт, Кырыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн.


Жогорку сотто өткөрүлгөн «Манастын руху –улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сүрөт сынагында жеңүүчүлөр аныкталып, сынактын катышуучуларына белектер жиберилди.


Аталган соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов менен төраганын орун басарлары жана судьяларынын катышуусунда  жеңүүчү деп табылган Манас райондук сотунун кызматтык жайларды тазалоочусу Асия Джакыпбаеванын 12-жаштагы кызы  Айпери Кубатбековага Жогорку соттун белегин тапшырышып, жаш сүрөтчүгө чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.


Сынактын темасы бул Манас эпосунун үчилтигинин каармандарын, эпизоддорун же идеяларын чагылдырууга багытталган.