Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 12-августундагы №202 сандуу Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча буйругунун негизинде 2025-2028 жылдар мезгилине карата бекитилген иш-планынын алкагында Талас облустук сотунун демилгеси менен Кыргыз тили боюнча иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Гуманитардык жана юридикалык колледжинин директору Айнура Усубалиева жана Агробизнес жана туризм колледжинин окутуучусу Динара Бекмуратова судьялар жана аппарат кызматкерлерине лекция окушту.
Өз баяндамаларында, мамлекеттик тил жана тил саясаты,тил баалулуктары, анын ичинде кыргыз элини н салт санаасына, улуттук баалулуктарына таянган гумандуулук, адилеттүүлүк жана коомго урмат көрсөтүү сыяктуу баалулуктарды камтыган этика жана руханий баалуклуктар боюнча,ошондой эле кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, коомдогу орду, колдонулушу, укуктук статусу жана жаралуу тарыхы боюнча айтып өтүштү.
Мамлекеттик тил сот иштерин алып барууда жана иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тил зарыл болбогон учурларда милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, иш кагаздары, сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн.
Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Иш-чаранын жүрүшүндө лекторлор менен сот кызматкерлеринин ортосунда суроо-жооптор менен коштолуп, кыргыз тили тууралуу кеңири маалыматтар алынып, баяндамачыларга ыразычылыктар билдирилип, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Иш-чаранын максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталды.




