Талас облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин 2025-жылдын 12-августундагы №202 сандуу буйругунун негизинде Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча 2025-2028-жылдарга карата бекитилген иш-пландын алкагында “Ынтымактуу коом-улуттук баалуулук” деген ураандын алдында аталган соттун төрагасы жана судьялары медиаторлор, облустагы аксакалдар сотунун төрагалары, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында маалыматтык жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов ачып, облустук сотунун судьялары медиатор, аксакалдар сотторуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты соттун ишмердүүлүгү жөнүндө, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдына алуу, ошондой эле жолугушуунун алкагында сотко арыз менен кайрылууда мыйзамдардын талабы боюнча маалымат берип, аймактын аксакалдар сотторунун иш алып баруусунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды биргеликте чечүүгө жана максаттуу иш алып баруу үчүн аракеттерди күчөтүү жөнүндө сүйлөшүштү.
Ал эми, аксакалдар сотунун төрагалары жергиликтүү соттор тарабынан жер талаш, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка талаш-тартыштарды чечүүдө маалыматтык жардам көрсөтүүнү суранышып, маселелерди жеринен ыкчам чечүүдө участкалык инспекторлору өздөрүнүн участкасына тийешелүү түрдө милдеттерин так аткарышса жакшы болот эле деген сунуштар болду. Андан тышкары, райондо жайгашкан ар бир айылдын аксакалдар сотторунун төрагалары өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жарандар менен сотко чейинки жаралган маселелери боюнча тыгыз иш алып барып жаткандыгын билдиришип, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан керектүү жабдуулары жана канцелярдык буюмдары менен толук камсыздалгандыгы тууралуу айта кетишти.
Андан соң “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин Таластагы филиалынын координатору Гулмира Өмүрбаева өз сөзүндө соттон тышкары жөнгө салууну колдонуу менен талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүдөгү артыкчылыктары, анын келечектеги өнүгүүсүнүн багыттары жана медиация мыйзамы тууралуу айтып өтсө, ички иштер органдарынын өкүлдөрү да мындан ары аксакалдар соттору сунуштап өткөн маселелер боюнча бирдиктүү иш алып барууну талкуулашты.
Жыйындын соңунда медиаторлор, аксакалдар соттору жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.




