KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту ички иштер органдары менен иштерин жакшыртуу аракеттерин күчөтүүдө

14 января 2026

Талас облустук сотунун демилгеси менен соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов  жана төраганын орун басарлары Абдимиталип Абылакимов, Манасбек Дарманкулов жана Алтынбек Садыков, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын биринчи орун басары милициянын майору Тынчтыкбек Нуралиев жана тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын майору Марат Жабайкулов менен биргеликте ички иштер органдары менен өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында маалыматтык жыйын өткөрүштү.


Жыйында, соттун төрагасы жана судьялар ички иштер органы, сот органдары менен өз ара аракеттенүүнү ачык жана ыңгайлуу экендигин талкуулашып, андан тышкары жергиликтүү сотторуна калкты соттун ишмердүүлүгү жөнүндө, анын ичинде соттук отурумда көйгөй жаралган маселелерди көзөмөлгө алууну талкуулашышты.


Ал эми ички иштер органдарынын өкүлдөрү тарабынан да өз сунуштарын айтышып, мындан ары биргеликте тыгыз байланышта иш алып барууну белгилешип өтүштү.


Жыйындын соңунда ички иштер органдары менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча 2026-жылдын февраль айында тегерек стол  өткөрүүнү чечишти.