Айтматов райондук сотунун төрагасы Гүлмира Бапанова менен судья Эльмира Асанова, Айтматов районуна караштуу жергиликтуу айыл өкмөттөрүндөгү аксакалдар сотторунун төрагалары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында соттун төрагасы жана судьясы сот отурумуна тиешелүү мыйзамдар боюнча маалыматтарды беришип, аймактын аксакалдар сотторунун иш алып баруусуна болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды биргеликте чечүүгө жана максаттуу иш алып баруу учун аракеттерди көрүү жөнүндө сүйлөшүштү.
Ал эми, аксакалдар сотунун төрагалары, аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү, жарандардын үй-бүлөлүк мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштары жөнүндөгү иштерди убагында карап, сотко чейин жарандардын маселелерин чечүү жагы талкууланып, андан тышкары жарандардын үлүш жер, сугат жерлери боюнча талаш-тартыштарды карап чечип берип жаткандыктарын айтышты.
Айыл өкмөт башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аксакалдар соттору менен биргеликте иш алып барып жана мындан сырткары материалдык жактан камсыздап жаткандыктарын белгилеп өтүштү.
Жолугушуунун сонунда айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар соттору менен судьялардын ортосунда пикир алмашуудан кийин тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн жандандыруу. Элеттеги майда, бирок маанилүү көйгөйлөрдү чечүүдө аксакалдар сотунун орду чон, ошондуктан жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлөрү жана жергиликтүү соттору менен тыгыз байланышта иш алып баруусу белгиленди.




