KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

08 марта 2026
5-март “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин” кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде өткөрүлдү.

Иш чараны Талас облустук соттун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов ачып, аппарат кызматкерлерин, жергиликтүү соттордун төрагаларын, судьяларын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, облустун прокурору Мирбек Расулов, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Нарчаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Адылбек Кыдыралиев, Чек ара кызматынын (20-29 Аскер бөлүгүнүн) Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Кыдырбаев жана Талас шаарынын Мэри Нургазы Асылбеков, ошондой эле Сот департаментинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кубат Манапбаев жалпы соттун жамаатын куттукташып, облустук соттун төрагасы жана бир катар жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери Ардак грамоталар, медалдар, төш белгилери жана алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Андан соң сот тутумунда жигердуу эмгектенүүдө өзгөчөлөнүп көрсөтүлгөн кызматкерлер Талас облустук сотунун ведомстволук сыйлыктары менен да сыйланышты.