20-май күнү Манас райондук соту тарабынан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бекитилген иш-планына ылайык, мектеп окуучуларынын укуктук билим денгээлин жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо максатында, Манас райондук сотунун төрагасы Расул Жолдошалиев, судьясы Акжол Эргешов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте аталган райондун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу М.Рахманбердиев менен Г.Малаев атындагы орто мектебинин 9-11 классынын окуучуларына лекция өтүштү.
Аталган соттун төрагасы Расул Жолодошалиев мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда сот тутумундагы болуп жаткан реформалары менен тааныштырып, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуулар жана анын кесепеттери жөнүндө, окуучулар арасында салык салуу, өзүн жанын кыюга баруу (суицид) жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча маек курду.
Ал эми судья Акжол Эргешов мектеп окуучуларына өтүп жаткан тема боюнча кыскача маанисине токтолуп, кылмыш жасоодон алыс болууга чакырды.
Иш чаранын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан мектеп окуучуларына баңгиликтен алдын алуу, баңгизаттардын адамдын организимине тийгизген зыяны, алардын психикалык жана физикалык ден соолукка терс таасири, ошондой эле колодонуунун социалдык жыйынтыктары жөнүндө айтылды. Негизиги максат кылмыш жоопкерчилигинин маселелерине басым жасап өтүштү.
Жолугушуунун суроо-жооп бөлүгүндө 9-11 класстын окуучулары өздөрүн кызыктырган темалар боюнча суроолорду беришип жана сот тутумунун өкүлдөрү тарабынан кеңири жоопторду алышты.
Жолугушуунун соңунда жергиликтүү сотунун төрагасы менен судьясы мектеп окуучуларына билим алууда, укуктук билимин жогорулатууда ийгиликтерди каалап өтүштү.




