Талас шаардык сотунун кызматкерлери жана шаардык соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн соттук аткаруучулары менен биргеликте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата туулуп өскөн Шекер айылында маданий иш чара өтөрүштү. “Күркүрөө” маданият үйүндө Манас эпосунан соттун кызматкери жана жаш манасчылар тарабынан айтылып, жазуучунун калемине таандык “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу” чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле жазуучуга таандык чыгармалардын каармандарына арналып жазылган ырлары жаңырды .