Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталиповдун жетекчилиги алдында Талас облустук сотунун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине мыйзамдуулукту, этикалык жүрүм-турумду сактоо жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов сот системасында судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана этикалык жүрүм-турум нормаларын так жана кынтыксыз сактоосу сот адилеттигин ишке ашыруунун милдеттүү шарты болуп эсептелинерин түшүндүрдү.
Судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу менен бирге алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле аппарат кызматкерлеринин кызматтык ишмердүүлүгүндө мыйзам талаптарын так сактоо сот органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса белгиледи.
Талас облусунун жергиликтүү сотторунда коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Кызматтык тартипти бекемдөө, этикалык стандарттарды сактоо жана ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү туруктуу негизде жүзөгө ашырылууда.
Жогоруда белгиленген чаралар сот бийлигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин жогорулатууга багытталган.
Сот системасы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууну улантат.




