Манас райондук сотунда М.Рахманбердиев атындагы жана Покровка орто мектебинин ошондой эле Улукман лицейинин 11-класстарынын окуучуларына ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Бүтүрүүчү класстардын окуучуларын Манас райондук сотунун төрагасы Расул Жолдошалиев тосуп алып, сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, окуучуларга кылмыштуулук жана аны алдын алуу жөнүндө баяндама жасады.
Төрага өз кезегинде жергиликтүү сотто аудио-видео фиксация программасынын жана автоматташтырылган маалымат системасынын иштеши жана анын мааниси жөнүндө айтып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өздөрүнө кызыктырган темалар боюнча суроолорду беришип жана сот тутумунун өкүлү тарабынан кеңири жоопторду алышты.
Жолугушуунун соңунда соттун төрагасы мектеп окуучуларына насаат сөзүн айтып, билим алууда, укуктук билим денгээлин жогорулатууда ийгиликтерди каалап, келечекте сот тутумунда кызмат өтөөсүнө тилектеш экенин билдирди.