Манас райондук сотунда,“Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны аталган сотунун төрагасы Расул Жолдошалиев ачып, мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим жөнүндө кеңири баяндама жасады. Ал кыргыз маданиятынын туу чокусу болуп саналган “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы орду, мааниси жана манасчылар тууралуу баяндама жасап, өз сөзүндө “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы туурасында кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Манас райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыр-күүлөр коштолуп жана жаш манасчылардын катышуусунда “Манас” эпосунан үзүндүлөрү айтылды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик тил сот иштерин алып барууда жана иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тил зарыл болбогон учурларда милдеттүү колдонулуучу тил болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунан бекитилген иш-планынын негизинде Мамлекеттик тили боюнча иш-чара өткөрүлүп, Манас районунун Покровка орто мектебинин тарых мугалими Майрамбек Бектеналиев кыргыз тили боюнча слайд аркылуу кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, коомдогу орду, колдонулушу, укуктук статусу жана жаралуу тарыхы боюнча кеңири маалымат берди.




