2026-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү соттордун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында каралган иштеринин жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу, иштерди өз убагында жана мыйзамдын талаптарына ылайык кароо, ошондой эле жарандардын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары видео-конференц байланыш аркылуу катышышты.
Онлайн-кеңешменин жүрүшүндө Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов облустагы жергиликтүү соттордун алты ай ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасады. Андан соң коомчулук менен өз ара байланышты күчөтүүнү, ошондой эле укук коргоо органдары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташтыкты бекемдөө, калк арасында укуктук иштерин түшүндүрүүнү жүргүзүү, тегерек столдорду жана жолугушууларды уюштуруу, медиация институтун жайылтуу, аксакалдар соттору менен иш алып барууну, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү жана жарандарды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндалды.
Андан тышкары сотторунун имараттарын заманбап талаптарга ылайыкташтыруу максатында, «Сот адилет үйүнүн» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер тиркелери тууралуу да айтып өттү.
Кеңешменин жыйынтыгында төрага Медербек Сатыев биринчи жарым жылдыкта жергиликтүү соттордун аткарылган иштерине баа берип, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу, соттук практиканы өркүндөтүү, жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруу жана соттордун ачыктыгын кеңейтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.




