KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КАРЫЛАР

02 октября 2025

Карысы бардын ырысы бар”, Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери улгайган адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.


Манас райондук соттун төрагасы Расул Жолдошалиев, судьясы Акжол Эргешов 1-октябрь “Эл аралык карылар күнүнө” карата Манас районунун Семетей айылынын тургуну, 102 жаштагы апабыз Сейнат Иманбекованы карылар күнү менен куттуктап, таазим кылышты.


Аталган соттун төрагасы жана судьясы Сейнат апага Сиздин 100-жылдык өмүрүңүз-тарыхтын тирүү барагы, улуу мурас. Сиздей асыл апалардын ак батасы, акыл насааты биздин коомго дайым керектигин айтышып, чын ден соолук каалап апабызга белектерди тапшырып келишти.


Сейнат Иманбекова апабыз судьяларга көңүл буруп келишкендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалап батасын берди.


Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрь “Эл аралык карылар күнү” катары белгиленип келет.


Аталган майрам улуу муундагы адамдардын даанышмандыгы жана турмуштук тажрыйбасынын маанилүүлүгүн эске салып, камкордук көрүү менен, аларга таазим кылуу майрамы болуп саналат.