Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталиповдун жетекчилиги алдында коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана сот кызматкерлеринин кесиптик этикасын бекемдөө багытында жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө, коррупциялык иштерди болтурбоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу, сот кызматкерлеринин жүрүм-туруму, этикалык жана кесиптик нормаларды так сактоосу, кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруусу негизги тема катары талкууланып, коррупцияга жол бербөө жана анын кесепеттеринен алыс болууга чакырды.
Жыйындын алкагында катышуучулар коррупция боюнча өз ойлорун айтышып, коррупция менен күрөшүү бир гана мамлекеттин эмес, ар бир жарандын иш аракети болуш керектигин билдиришти.
Белгилей кетсек, Талас облусунун жергиликтүү сотторунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.
КОРРУПЦИЯ – бул мыйзамсыз иш-аракет, мыйзам тарабынан куугунтукталган кылмыш.
Коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгондорго өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салынат.
Коррупция – кызмат адамынын кызмат орду боюнча ага берилген укуктарды жеке баюу максатында түз пайдалануусун билдирген кылмыш. Ошондой эле, кызмат адамдарына пара берүү, алардын сатылып кетүүсү коррупция болуп эсептелет.




