KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03422) 52075 г. Талас, улица Турдалиева 206
Кайрылуу жиберүү

Эл менен жолугушуу Талас шаарында өткөрүлүп, жыйынтыкталды

25 мая 2026

2026-жылдын 23-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин жетекчилиги алдында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.


Элдик жыйынга Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов,  облустук мекемелердин  жетекчилери  менен биргеликте  катышты.


Жыйындын жүрүшүндө Талас шаарынын тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, социалдык камсыздоо, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, экономикалык өнүгүү, сот адилеттүүлүгү, үй-бүлөлүк жана коомдук зомбулуктун алдын алуу сыяктуу бир катар маанилүү маселелер жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлдү.      Ар бир айтылган сунуш-пикир жана көйгөй кылдаттык менен угулуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.


Өз кезегинде Талас облустук сотунун төрагасы сот иштерине байланыштуу берилген суроолорго жооп берип, жарандарды жеке кабыл ала тургандыгын билдирди.


Жыйындын соңунда  айрым маселелер боюнча жеринде чечим кабыл алынып, облустук мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү. Бул өз кезегинде жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.